Ошто буудай былтыркыдан 900 гектарга көп эгилди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКиши буудайдын бүртүкчөлөрүн кармап турат. Архив
Киши буудайдын бүртүкчөлөрүн кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айыл чарба министри Эркин Чодуев өлкө боюнча быйыл 5000 гектарга көбүрөөк буудай эгилерин айткан.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ошто дыйкандар буудай көп эге баштады. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө буудайдын аянтын быйыл кеминде 1000 гектарга кеңейтүү тапшырмасы берилген.

“Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо керектигин көрүп жатабыз. Азыркы тапта былтыркыга салыштырмалуу буудай 900 гектарга көп эгилди. Сугат суу боюнча маселе болбой турганын белгилеп кетейин. “Папан”, “Найман” суу сактагычтарындагы суунун көлөмү жетишерлик, каналдарды оңдоо, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бүткөндөрүнө кезек-кезеги менен суу коё берилет”, — деди Жылкыбаев.

Эске салсак, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркин Чодуев да өлкө боюнча быйыл 5000 гектарга көбүрөөк буудай эгилерин айткан.

Коронавирустун кесепети

Доставка пшеницы из России - Sputnik Кыргызстан
Россиядан сатып алынган буудайдын 15 вагону Кыргызстанга жеткирилди
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын дээрлик жарымы, 302си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0