23:10 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
295 0 0

Ардагерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир каптан ун жана башка азыктар да таратылган. Жалал-Абадда согуштун алты ардагери жашайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Ветеранам Великой Отечественной войны, проживающим в Джалал-Абаде, выдали по 75 тысяч сомов и по мешку муки
    Жалал-Абад шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилди.
    © Фото / пресс-службе мэрии города Джалал-Абад
  • Ветеранам Великой Отечественной войны, проживающим в Джалал-Абаде, выдали по 75 тысяч сомов и по мешку муки
    Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаадагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан кабар алган.
    © Фото / пресс-службе мэрии города Джалал-Абад
1 / 2
© Фото / пресс-службе мэрии города Джалал-Абад
Жалал-Абад шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилди.

Билдирмеге караганда, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаадагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан кабар алган.

"Мэр аларга президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун жеткирип, ар бир ардагерге республикалык бюджеттен бөлүнгөн 75 миң сомдон акча каражатын тапшырды. Андан тышкары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир каптан ун жана башка азыктар берилди", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери, концлагердин бир туткуну, ооруктун эки ардагери жашаары кошумчаланды.

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)

Тема боюнча

Улуу Ата Мекендик согушка таасир берген Айдаркендин сымабы. Кызыктуу баян
Белгилер:
согуш, ардагер, Жалал-Абад, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ