Чет элдиктерге Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди. Шарттары

© Sputnik / Михаил Патлис / Медиабанкка өтүүГеодезист иш учурунда. Архив
Геодезист иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келген чет элдиктердин обсервацияда жаткан чыгымдарын чакырган тарап төлөп бериши керек болот.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Чет мамлекеттеги адистер эмгек миграциясы боюнча берилген квотанын негизинде Кыргызстанга кире алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт айрым ишканалар менен компаниялар ишин улантууда кыйынчылыктарга тушугуп жаткандыктан ушундай чечим кабыл алган. Чет элдик адистер саламаттык сактоо, айыл чарба, өнөр жай, курулуш, энергетика, геологиялык чалгындоо, тоо-кен өндүрүшү жана жол куруу сыяктуу тармактарга керек болуп жатат. 

“Тармактык мамлекеттик органдар чет элдик адистер керек болуп жатат деп кайрыла турган болсо. алардын Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанга келген чет элдиктердин обсервацияда жаткан чыгымдарын чакырган тарап төлөп бериши керек болот.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө чек коюлган. 22-апрелге карата өлкө аймагында илдетке кабылгандардын саны 612ге жетти. Ал эми сырттан келген мекендештер учактан тейленип, түз эле обсервацияга жөнөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0