Министр: Ноокат менен Сузактын фермерлери жеңилдетилген насыя ала албай кыйналууда

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЖазы талаа иштери. Архив
Жазы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасы ишке кирип, дыйкан, фермер жана айыл чарба жаатында ишкерлик кылгандарга жеңилдетилген насыя бериле баштаган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасынын негизинде берилип жаткан жеңилдетилген насыяны алууда Ош облусунун Ноокат, Сузак райондорунун фермерлери кыйналууда. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске салсак, өлкөдө "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасы ишке кирип, дыйкан, фермер жана айыл чарба жаатында ишкерлик кылгандарга жеңилдетилген насыя бериле баштаган.

"Өзгөчө абал кирген бул аймактардагы фермер, дыйкандар банкка жете албай кыйналышууда. Ага жеткенден кийин күрөө коёлу десе, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштегендиктен маселе жаралууда. Былтыр ушу маалда насыянын 2 миллиарддан көбү берилип калган болсо, быйыл 1 миллиард 36 миң сомду түзөт. Учурдан пайдаланып жергиликтүү аткаминерлерге фермерлерге жардам берүүсүн суранып кетет элем", — деди.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда  - Sputnik Кыргызстан
КР эл аралык уюмдардан кайсы мөөнөткө канча пайыздык насыя алды? Тизме
Жеңилдетилген насыя алуунун шарт-талабы боюнча Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0