Жакынкы айларда массалык ачкачылык капташы мүмкүн. БУУнун кооптуу божомолу

© REUTERS / MARCO BELLOБош супермаркеттеги кардар. Архив
Бош супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин БУУнун адистери 2020-жылдын акырында коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөдө 130 миллиондой адам ачка каларын прогноздошкон.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли коронавирус пандемиясынан улам адам баласы массалык ачкачылыкка кабылышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.

"Эгер биз азыртадан азык-түлүк коопсуздугу боюнча тийиштүү чараларды көрбөсөк, бир нече айдан кийин ачкачылыкка кабылышыбыз толук ыктымал”, — деди ал.

Ошондой эле ал ачкачылыкты алдын алуунун жолдорун сунуштады. Мисалы, согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактар аркылуу гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз алып өтүүгө шарт түзүлүшү керек. Мындан тышкары, дүйнө жүзү боюнча гуманитардык жардамдарды ташып жүрүүгө ылайыкташкан логистикалык борборлорду куруу үчүн 350 миллион доллардын тегерегинде каражат чогултуу зарыл.

“Биринчиден, дүйнөгө тынчтык керек. Андан соң соода-сатыкты үзгүлтүккө учуратпоо, долбоорлорду убагында каржылап туруу, ошондой эле тамак тартыштыгы бар калктарга тоскоолдуксуз каттап турууга шарттар түзүлүшү керек”, — деди аткаруучу директор.

Буга чейин БУУнун адистери 2020-жылдын акырында коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөдө 130 миллиондой адам ачка каларын божомолдошкон.

Коронавирус тууралуу

Москва Кремли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронакризис Кытай — АКШ — Россия үчтүгүн түптөйт. Жаңы дүйнөнүн жаралышы
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 22-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2 565 059га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0