"Жардам" штабы катарга ыктыярчыларды чакырууда

© Sputnik / Сунил Прадхан / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк даярдап жаткан ыктыярчылар. Архив
Азык-түлүк даярдап жаткан ыктыярчылар. Архив

 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штабга курагы 18ден 45 жашка чейинки Бишкек шаарынын тургундары кошула алат. Алар азык-түлүктөрдү түшүрүү жана таңгактоо иштери менен алектенишмекчи.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Коронавирус кырдаалында түзүлгөн "Жардам" штабы катарына ыктыярчыларды чакырууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ага ылайык, штабга курагы 18ден 45 жашка чейинки Бишкек шаарынын тургундары кошула алат.

"Ыктыярчылар алгач онлайн окуудан өтүп, иш учурунда мээлей, маска, антисептик менен камсыз болот. Алар азык-түлүктөрдү түшүрүү жана таңгактоо менен алектенишет", — деп айтылат маалыматта.

Арыздар көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу кабыл алынат.

Ун заводдун ишкерлери ун каптартды ташып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гумжардам алчуларды ким кантип аныктайт? 9 суроого жооп
Белгилей кетсек, "Жардам" штабынын ишин координациялоого эки министрлик, бир агенттик тартылган. Мындан сырткары коомдук уюмдар, бизнес-ассоциациялар, ыктыярчылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баары жапа тырмак киришип иштешет.

Жардамга муктаждар 1227 түз номерине, 1227.tunduk.kg сайты жана "Жардам" штабынын тиркемесине, ушундай эле аталыштагы Facebook, Telegram баракчалары аркылуу кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0