Бишкекте милицияга баш ийбей камалган кыз үй камагына чыгарылды

Жазылуу
Укук коргоо органынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, орой мамиле жасаган кыз камакта 10 күн отурган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкекте милицияга баш ийбегени үчүн тергөө абагына камалган 23 жаштагы кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн, 21-апрелде, Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Аресты в  КР - Sputnik Кыргызстан
Москвада өз уулун аёосуз сабаган кыргызстандык киши камалды
Белгилей кетсек, милиционерлер 11-апрель күнү саат 17:30да "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен медициналык бет кап кийбей кетип бараткан кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотушкан. Бирок кыз баш ийбей, сөгүнүп-сагынып жооп кайтарган. Ошондой эле милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, күч колдонгон.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынган. Алгач кызды Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 15 суткага камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0