Акыры келмей болушту. Новосибирскидеги кыргызстандыктарга учак табылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта чет жактагы 4000ден ашуун кыргызстандык ар кандай себептер менен мекенине кайтууга аргасыз болуп турганы маалым.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Дээрлик бир айдан бери мекенине жете албай жаткан Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктар эртең, 22-апрелде, Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейин Россия өзүнүн жарандарын Кыргызстандан алып кетүүнү ниеттенип жаткан. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Натыйжада атайын учак Бишкекке жөнөтүлүп, Кыргызстандын жарандарын ала келмей болду. Кайра кетип жатканда россиялыктарды салып кетет", - деп айтылат маалыматта.

Стамбулдан келген жарандар - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдан келген кыргызстандыктардын анализи чыкты
Эске салсак, буга чейин Новосибирск — Бишкек каттамы боюнча билеттерди сатып алган жарандар мекенине келе албай калышкан. Себеби коронавирус пандемиясына байланыштуу Россия сырткы аба каттамды токтоткон.

"Мекенине кете албай калгандарды диаспоралык уюмдар тамак-аш жана убактылуу жатак жайлары менен камсыздап турушту", - дешти ТИМден.

Белгилей кетсек, азыркы тапта чет жактагы 4000ден ашуун кыргызстандык ар кандай себептер менен мекенине кайтууга аргасыз болуп турганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0