Элмирбек акынга эли топурак сала албай калабы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУзатуу зыйынты. Архивдик сүрөт
Узатуу зыйынты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият министрлиги төкмө акын менен коштошуу зыйнатында карантиндик эрежелерди сактоону чакырууда.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алп акын менен коштошуу 22-апрель күнү саат 09:30да башталат. Ошол эле учурда министрлик жарандарды өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалды жана Бишкектеги өзгөчө абал режимин эске алуу менен карантиндин эрежелерин сактоого чакырды.

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатынын жүрүшүн Маданият министрлиги Facebook баракчасы аркылуу түз алып көрсөтөрү айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тажыяда элдин көп санда чогулуусуна тыюу салынып келген. Маркумду аз сандагы туугандары гана жерге берип жаткан.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.

КР эл артистинин төкмөлүктөн тышкары обончулук, актёрлук, манасчылык өнөрү бар болчу. Нечендеген шакирт даярдап, азыркы төкмөлөрдүн сап башындагы алп акын эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0