Мажбурлайм дей көрбөңүз. Дистанттык окуу учурунда ата-энеге 5 кеңеш

© Фото / пресс-служба МОиН КРӨз үйүндө сабак окуп жаткан окуучу
Өз үйүндө сабак окуп жаткан окуучу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык окуучулар дистанттык билим алууга өтүп, окутуунун бул ыкмасында учурда көп кыйынчылыктар кездешүүдө.

Бул процесс ата-эне, бала, мугалим үчүн чоң сыноонун бири катары өтүп жатканы да жашыруун эмес. Мында биз жогорку класстын окуучуларына үйдөн ата-эне кантип көмөктөшө алат деген суроонун тегерегинде сөз кылабыз. Анын үстүнө чоңоюп келе жаткан балдардын мүнөзү, кыял-жоругу чыгып, бир топ түйшүккө салат эмеспи.

Sputnik Кыргызстан педагог жана психолог менен сүйлөшүп, үйдөн окутуу боюнча 5 кеңеш даярдады.

Бизге Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын мугалими Калипа Айдаралиева жана психологу Элиза Абдужапарова жардамга келди.

Дистанционное обучение школьников в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Дистанттык окууда көйгөй жаралса чалыңыз. Министрлик номерлерди жарыялады
Уйку, тапшырма, көнүгүү. Үй-бүлөдө ата-эне эртең менентен тарта эле жагымдуу маанай түзө билип, эң манилүүсү баланы кыйкырбастан, акырын ойготуусу керек. Ата-эне балдар менен эртең мененки көнүгүүнү жасаганы жакшы. Себеби балдар сабакты уйкусурабай сергек окушу маанилүү. Күндүн режимин балдардын өзүнө түзүүнү сунуштоо зарыл. Андан соң ата-эне ага оюн таңуулабастан түзөтүү киргизер. Дагы бир нерсе — жогорку класстын окуучуларына сабакты даярдоону кечки убакка калтырбаш керек. Кечке чейин отурса, уйкусу канбай, эртеңки күнгө сөзсүз таасирин берет. Бала эмес, чоң киши деле уйкудан калса сергек болбой, көп нерсени кабыл алуусу жайлайт эмеспи.

Жок дегенде жарым саат... Телефон тиктебей, баарлашуу керек. Азыр бала менен көбүрөөк маектешип, убакыт бөлүү зарыл болуп турат. Себеби алар да карантинде, баягы тынч кездегидей эшикке, көчөгө басып келе албайт, курдаштары менен жолугуу тыйылган. Дагы бир учур бар. Бул көйгөй мурда да болуп келген, азыр да болуп жатса керек — ата өзүнчө, эне өзүнчө, бала өзүнчө телефонду тиктеп, аны менен алек. Ошондуктан, дагы айтарыбыз, жок дегенде бир же жарым саат сүйлөшкүлө, баланы кепке тарткыла. Маселе болсо, аны чечүүнүн жолдорун сурагыла. Мындай учурда алар өзүн чоң адам катары сезет. Ата-энеме мен деле таяныч турбаймынбы, мага ишенет экен да деп сиздерге карата жылуу сезими пайда болот.

Кыялын көтөрө билиңиз. Сабак окуп жатканда окуучуга өз алдынчалык берип, жардам керек болсо даярмын деп билдирип коюңуз. Чоң класстардын материалы татаал болсо, кээ бирлериңиз жардам бере албай калышыңыздар мүмкүн. Мындай учурда "өзүң окубайсыңбы, мен билбейм" деген туура эмес. Ата-эне да чогуу окуп, жообун издеп, бала менен бирге талкуулаганы жакшы. Сиздерге бул жерде абдан чыдамкайлык керек. Анын үстүнө жогорку класстагы куракта балдардын гормоналдык өзгөрүүсү болуп турган учуру. Бир нерсени тез кабыл алып, тез ачууланышат. Кыялы бузулуп, чарт-чурт болуп кетет. Жогоруда айткандай, бул курактагы балдар үйдө отуруп чоң стресске кабылышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүк берүү менен кошо эле кайсы социалдык тармакка кирип жатат, эмнени карап жатканына өздөрүнө байкатпай көз салып туруңуз. Көзөмөл колдон чыгып кетпесин.

Курсы компьютерной грамотности для пенсионеров в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн-сабак өтүүдө кантти
Эзели зордоп сабак окутам дебеңиз. Өспүрүм курактагылардын мүнөзү учурда абдан оор. Кээ бирлеринин агрессиясы күчтүү болушу мүмкүн. Бул жерде ата-эне чыдамкай, көтөрүмдүү болуп, алар менен мамиле түзө билгени жакшы. Ушундай учур гана алардын окууга кызыгуусун арттырат. Бирок урушуп, мажбурлап окутам десеңиз, жаңылышасыз. Эч качан зордобош керек. Алдоо, сөзгө тартуу бирден-бир туура жана оптималдуу вариант. Ал эми сабагынан жетишпей жатса, жемелеп мыкты окута албайсыз. Ороңдоп бир тийбеңиз. Урушуп, кыйкырып, тилдеп жибербей, "бүгүн болбой жатса, кел, анда чогуу аракет кылалы, балким эртең жакшы түшүнүп каларсың" деш керек.

Өчөшкөнгө жеткирбеңиз. Эгерде өспүрүм жаштагы же андан чоңураак балдардын ар бир кылган нерсесине эскертүү бере берсеңиз өчөшүп, баарын сизге тескери кылышы толук ыктымал. Балаңызды жакшы көрөрүңүздү, кучактап же жөн эле сөз, көз менен билдирип, айтып туруңуз. Сизге уулуңуздун же кызыңыздын керек экендигин сезип турганы ал үчүн чоң жөлөк болот.

Ал эми 9-10-11-класстын окуучуларына кадимки эле курдашыңыздай, сырдашыңыздай, чоң адамдай мамиле кылыңыз. Карантин учурунда уулуңуздан же кызыңыздан бир нерсе үйрөнүп жатканыңызды тамаша-чынга салып айтып да туруңуз. Кээде "сага рахмат, мен буларды үйрөнүп алдым" деп айтып коюңуз. Бул курактагылар үчүн өзүн кадыресе чоң адамдай сезүү, айланасындагылардын ага дал ушундай мамиле жасаганы абдан жагат жана канааттануу жаратат. Андыктан сабырдуулук жана чыдамдуулук менен мамиле кылсак, бул абалдан оңой чыгып кетебиз деп ишенебиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0