Стамбулдан кыргызстандыктардын дагы бир тобу алып келинет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАэропортто учак конуп жатат. Архив
Аэропортто учак конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чартердик рейс менен биринчи кезекте улгайган адамдар, балдар, аялдар жана ден соолугунан жабыркаган адамдар жеткирилет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарынан кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алынып келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мекендештерди өлкөгө алып келүү маселеси эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн негизинде ишке ашкан.

“Чартердик рейс менен биринчи кезекте улгайган адамдар, балдар, аялдар жана ден соолугунан жабыркаган адамдар алып келинет”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда кыргызстандыктарды Түркиянын ар кайсы шаарынан Стамбулга жеткирүү иштери аткарылып жатат.

Эске салсак, төрт күн мурда Кыргызстанга Стамбулдан кыргызстандыктар алып келинген. Алардын барыгы обсервацияга жаткырылып, коронавируска анализ алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0