Бишкекте ӨА башталгандан бери айыпка жыгылгандардын саны жана себеби

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVИИМдин кызматкери Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив
ИИМдин кызматкери Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын 1961и эркек, 299у аялдар. Комендант айып пулдардын жалпы суммасы канча болгонун айткан жок.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режими башталган 25-марттан бери Бишкекте коменданттык саатты бузган 2260 жаран кармалып, мыйзам бузуунун эки түрү боюнча айыпталды. Бул тууралуу брифинг учурунда комендант Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын 1961и эркек, 299у аялдар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Түркиядан келген кыргызстандыктар үй карантинине чыгарылды
Конституциялык мыйзамдын “Өзгөчө абал тууралуу” 28-беренеси боюнча 2135 кишиге айып салынды. Мында коменданттык сааттын талаптарын бузгандар боюнча айтылат. Дагы 149 протокол Бузуулар кодексинин 82-беренесине ылайык түзүлгөн. Ал эми бул беренеде укук коргоо органдарынын талабын аткарбагандарга айып тагылат.

Бирок комендант айып пулдардын жалпы суммасы канча болгонун айткан жок.

Өткөн түнү кармалган 91 кишинин 79уна протокол Конституциялык мыйзамдын 28-беренесине ылайык түзүлдү. Калганы Бузуулар кодексинин 82-беренесине негизделди.

"Аз убакыт калды, бул күндөр дагы өтөт. Эгер биз санитардык нормаларды карманып үйдө отурсак, бир гана борбор калааны эмес, бүткүл Кыргызстанды сактап калабыз”, — деди комендант.

Эске салсак, Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 123кө жетти.

Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында канча адам вирус жуктурду. Бүгүнкү статистика
Ал эми өлкө боюнча өткөн суткада дагы 22 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 590ду түздү. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефодорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0