Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара

Жазылуу
Учурда Кыргызстанда бир миллиондон ашык автотранспорт бар. Өлкөдө жол кырсыгы көп катталат. Милициянын айтымында, булардын арбын бөлүгү рулда отургандардын жол эрежесин билбегендигинен же бузгандыгынан келип чыгат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачты.

Кулакчынды алып, капюшонду чеч! Жол чийинден өтүүдөгү 7 эреже. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кулакчынды алып, капюшонду чеч! Жол чийинден өтүүдөгү 7 эреже. Видео
Алгачкы материалда айдоочу же жарандар автокырсыкка кабылганда эмне кылуу керектигин айтып бермекчибиз. Бул тууралуу Жол кырсыгынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түшүндүрүп берди.

Жол кырсыгынан жабыркагандар же айдоочу окуянын болжолдуу схемасын кагазга чийип, кол коюп, жакынкы постко же милицияга барып, кырсыкты каттатуусу керек;

Эгер жабыркагандар болсо, автоунааларды ордунан жылдырбай, авариялык жарыкты дароо күйгүзүү зарыл. Кырсык болгондо заттар кандай абалда болсо, ордунан жылдырбай, ошондой түрдө сактоо керек деген эреже бар;

Жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, Тез жардам кызматын чакыруу. Кырдаал татаал болсо, мүмкүн болушунча өздүк автотранспорт менен жабыр тарткандарды жакын жердеги медициналык мекемелерге жеткирип, каттоого өзүнүн фамилиясын айтып, автоунаанын тийиштүү документтерин (айдоочулук күбөлүктү, транспортту каттоо күбөлүгүн) көрсөтүп, окуя болгон жерге кайра келүү;

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
Башка транспорттордун өтүүсүнө, жол кыймылдын үзгүлтүккө учурабашына шарт түзүү. Мисалы, жарбыркагандарды өздүк транспорт же тез жардам менен алып баратканда жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотуу. Бирок ошол эле учурда күбөлөрдүн катышуусу менен транспорт каражатын, кырсыкка байланышкан заттардын изин сактоого болгон аракетти жасоо;

Окуя тууралуу ички иштер органдарына билдирүү зарыл. Күбөлөрдүн фамилиясын, дарегин жазып алып, милицияны күтүү керек. Кырсык болгон жерден үн сигналын берүүгө уруксат.

Соңку маалыматтарга таянсак, 12 жыл ичинде Кыргызстанда автокырсыктын саны 35 пайызга өскөн. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын кайсы аймагында жол кырсыгы көп болорун аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, республиканын жолдорундагы унаалар ар 1,5 саатта кагышып турат

Жаңылыктар түрмөгү
0