Муфтият: битир-садаганы дистанттык түрдө төлөөгө болот

© Sputnik / Александр Чипурин / Медиабанкка өтүүМонеты вропейского Союза и королевства Таиланд
Монеты вропейского Союза и королевства Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантин учурунда олуттуу себепсиз көчөдө жүрүүгө тыюу салынгандыктан, битир-садаганы дистанттык түрдө кабыл алуу чечими чыгарылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы битир-садаганы дистанттык түрдө берүүгө болорун билдирди.

Бул үчүн "РСК Банкы" аркылуу электрондук капчык ачылды.

"Жарандар битир-садаганы "РСК Банкынын" төлөө терминалдары аркылуу же "RSK24" мобилдик банкинги аркылуу төлөй алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Быйылкы битир-садаганын баасы кандай экенин Sputnik Кыргызстан редакциясынын материалынан көрүүгө болот.

Эске салсак, орозо быйыл 24-апрелде башталат.

Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik даярдаган календардан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0