Кыргызстанда бир суткада 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы ИВЛ апараты. Архив
Ооруканадагы ИВЛ апараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 201 болду. Жаңы айыккандардын көбү Ош облусунан экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын ону Бишкектен, бирөө Нарын облусунан, 42си Ош облусунан, Ош шаарынан жетөө, Жалал-Абад облусунан жетөө жана Баткен облусунан бирөө болду.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй менен Ошто коронавирус аныкталган эки киши каза болду
Учурда республика боюнча жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0