Колду бат-баттан самындап жууй берүү кооптуу. Дарыгер себебин айтты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКолун жууп жаткан адам. Архив
Колун жууп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис тери оорусу барлар колдогу гигиенаны сактоо үчүн кандай ыкмаларды колдонсо болорун айтып берди.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетин түшүрөт. Бул тууралуу дерматолог Лариса Алексеева Nation News порталына билдирди.

Адистин айтымында, дерматит илдети менен кайрылгандардын көбү колун улам-улам жууй бергендер.

Ошондой эле Алексеева тери оорулары барлар колдун гигиенасын сактоо үчүн бир нече ыкманы колдонсо болорун айтты.

"Дерматит, экзема сыяктуу илдеттери бар же колу бат кесилип кеткендер кир, чаң баскан нерсени кармаарда колуна атайын кол каптарды кийип алса болот. Азыр кол каптардын түрү бар”, — деди дарыгер.

Ал эми колду самындап жуугандан кийин сөзсүз терини азыктандыра турган крем сүйкөө керектиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0