Элчилик Россиядан сөөк жөнөтүүнүн жол-жобосун айтты

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүАэропортто учак жүктөрдү түшүрүү убагында. Архив
Аэропортто учак жүктөрдү түшүрүү убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия жана Казакстан менен жетишилген макулдашуу боюнча Жүк-200 бардык документтери менен атайын жабдылган автоунаада маркумдун жакын тууганынын коштоосу менен жеткирилет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын РФтеги элчилиги Россияда каза болгон КР жарандарынын сөөгүн жөнөтүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин мигранттардын жашоосун жеңилдетти. Жаңы эрежелер
Маалыматта акыркы убакта буга байланыштуу суроолор көп түшө баштаганы айтылат.

"Бүгүнкү күндө Россияда каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн транзит менен Казакстан аркылуу мекенине алып келүүгө уруксат берилген. Россия жана Казакстан менен жетишилген макулдашуу боюнча Жүк-200 бардык документтери менен атайын жабдылган автоунаада маркумдун жакын тууганынын коштоосу менен жеткирилет", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик 17-марттан ушул күнгө чейин Россиядан Кыргызстанга 17 сөөк жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Россиядагы кыргызстандыктар ар кандай маселелер менен өкүлчүлүккө төмөнкү телефондор аркылуу байланыша алат:

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 (WhatsApp номер);
  • +7 (925) 387 45 97 (WhatsApp номер);
  • +7 925 103 29 11 (WhatsApp номер).
Жаңылыктар түрмөгү
0