Эски чемодандан бут кийим тиктирген заман. Ошондогу мугалимиме алкыш

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБут кийимди оңдоо ишкер жумуш учурунда. Архив
Бут кийимди оңдоо ишкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Ар кимдин балалык курагы ар кандай өтөт. Бирок баарыбыз ошол балалыкка кайткыбыз келет. Жашыбыз канчада болсо да, ал бала чак барчылык-жокчулукта өтөбү, кандай болгон күндө да жан дүйнөбүздүн тээ түпкүрүндө балалыгыбыз жашайт. Ошол себептен бала чакты эстегенде жүзүбүздө жылмаюу пайда болот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин бүгүнкү каарманы да бала кезиндеги оор күндөрдө жүрөк жылыткан мугалими тууралуу айтып берди.

...1995-96-жылдары Нарын шаарына айылдан көчүп келдик. Эл кыйналып турган убак эле. Үч бир тууганбыз. Айылда жумуш жок болгондуктан, оокатыбыз өтпөй калды. Айла жок, апам үчөөбүздү бооруна кысып, Наарын шаарына алып баса берген. Атам каза болуп калган эле.

Мен анда 6-7-класс кезим, эки эжем менден 2-3 класс жогору окушат. Мен жалгыз уулмун. Шаарга келип, апам бир мекемеге пол жуугуч болуп кирди. Алган айлыгы төртөөбүздүн тамак-ашыбызга да жетпей калчу. Мындайча айтканда, кадимкидей эле жокчулукта күн кечирдик. Ал убакта элдин деле башка бирөөгө жардам бере турган шайы жок болчу. Ошондой каатчылык заман болгон.

Этнофестиваль Тескей жээк на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Айылдан келген бир жетим дебей кастарлап... Аяш ата менен аяш эненин ак жарыгы
Апам окуу башталганда бир шым алып берчү. Ошол шымды жалаң кат кышы-жайы кийчүмүн. Нарындын суугунда кантип чыдадым экен?..

Үчөөбүзгө жыл башында үчтөн дептер алып берет. Ал дептерлерди түгөнбөсө экен деп тилечүмүн. Альбом, карандашка дайым акча жетпей калчу. Бирок жакшы окучумун. Математика, черчение сабактарына шыктуу элем.

Классташтарымдын черчениесин чийип берип, акысына альбом барагын алчумун да эртеси ошого чийип барып “беш” алчумун.  Бирок агайым негедир дайым мени кекээрлеп “альбомуң жок” деп тургузуп алып тилдей берчү. Мен ансайын кекенип, так, туура, таза чийип барчумун.

Альбомум жок болсо да колуман келерин көрсөтөйүн дечү окшойм. Ошол агайдын сөздөрү көңүлдө калып калды.

Жетпеген жашоо мендей атасыздарда эле эмес, аталуу балдарда деле болду. 

Кийимдерим кургабай калып же бут кийимим жок сабакка бара албай калчумун. Кээде жазганга дептер жетишпей, бир дептерге эки-үч сабак жазып койчумун. Эсимде, бир ирет мектепке кийип барганга бут кийимим жок отуруп калдым. Анан айрылган батинкемдин таманын кесип алып, эски чемодандан бычып, тамандап тигип алгам. Ошону менен бир жыл мектепке бардым. Ал кезде ыйман бар экен. Мени эч ким деле шылдыңдаган жок. Мен да тартынган жокмун. Бир эсе апамды аядым.

Класс жетекчим Бермет эжей дайым классташтардын арасында жаманымды жашырып, көтөрмөлөп турганын байкачумун. Жакшы окуурумду баса белгилеп айтып, шагымды сындырбай колдоп турчу. Ошол эженин жылуу колдоосу болбогондо “тойдум байдын кызына” деп мектептен чыгып кетет белем...

Бир жолу 9-класстан черчениеден берген агай класстан тургузуп алып: “Альбом алганга дайым акчаң жок, апасынан сурасам, айлыгым тийсин дейт, көрөм”, — деп ушундай көп сөздөрдү айтып салды. Аябай катуу тийди. Чындыгында шагым сына түштү, намыстандым.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч жетимди томсортпой бооруна кысып... Өгөй эненин ак жарыгы
Үйгө барып “болду, окубайм, жумуш таап иштейм” деп чечтим да, көгөрүп мектепке барбай койдум. Тегирменге эптеп жардамчы болуп кирип алгам. Көп өтпөй класс жетекчим атайын үйгө издеп келиптир. Отуруп акыл-насаатын айтып, мени кайра окууга көндүрдү. Алып келген бир кичине баштыгы бар. Эртеси сабакка келишимди айтып кетти. Баштыгын карасам, он чакты дептер, карандаш, калем сап, анан альбом салып коюптур. Ушунун баарын мени окуудан чыкпасын, сынып калбасын деп жан үрөгөн эжейимдин мага көргөн камы эле. Ал кезде алардын жашоосу деле жетиштүү болуп кеткен эмес. Мени менен тең чамалаш балдары бар болчу.

Мугалимдин вазыйпасы ушундай экен. Чыныгы мугалимдер өз балдарына каалаган жакшылыкты, окуучусуна да каалайт.

Ушу тапта мен да бир кесиптин ээсимин. Ошол убакта класс жетекчим үйгө келбегенде, мени кайра окууга көндүрбөгөндө абалым кандай болот эле деп көп ойлоном.

Азыр айланамдагы турмушу начар адамдарды көз жаздымда калтырбай, колуман келишинче жардам берүүгө аракет кылам. Аларды түшүнөм. Мындай турмушта чоңойгон балдар намыскөй, ызакор келишет.

Мүмкүн бул кээ бирөөлөр үчүн арзыбаган иштир, бирок мен үчүн жүрөгүмдү жылытып өмүр бою эсимде калчу жакшылык.  Балалыкты эстегенде түрмөк ойлордун, окуялардын арасынан ушул жакшы адам жарк этип чыга келет.

Ыраазымын сизге, мугалимим!

Жаңылыктар түрмөгү
0