Кыргызстанда 7800дөн ашык адам коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон

© REUTERS / Vladimir PirogovМедициналык кызматкер коопсуз костюмчан блокпостто турган учурда. Архив
Медициналык кызматкер коопсуз костюмчан блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сан эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. 5-апрелден тарта өлкөдө коронавирусту изилдөөгө 32 293 үлгү келип түшкөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 7877 адам коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул сан эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

"COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 7877ге жетти. Анын ичинен 1769у жакындан байланышта болгондор, ал эми 6108и башка байланыштар", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 5-апрелден тарта өлкөдө коронавирусту изилдөөгө 32 293 үлгү келип түшкөн. Анын ичинен 31 659уна изилдөө жүргүзүлгөн.

Коронавирус кесепети

Медициналык кызматкер жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү коронавирус чуусу. Бейтаптар отурган эки бустун жүргүнчүлөрү кайда?
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 133 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0