№13 бейтапкана иштеп жатат. Мэрия Республикалык штабдын билдирүүсүн төгүндөдү

Жазылуу
Буга чейин Республикалык штабдан №13 үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканын, ал 19-апрелден тарта иштээрин айтышкан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борбору бир да күнгө жабылган эмес жана штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаиловага таянып мэриядан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Республикалык штабдан №13 үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекциялоо иштери жүрүп жаканын, ал 19-апрелден тарта иштээрин айтышкан. Маалыматка караганда, буга бейтапкананын дарыгери үй карантининде көзөмөлдөп жаткан бир жаранда коронавирустун аныкталышы себеп болгон.

"Эртең менен №13 байтапкана жабылды деген маалымат чыкты. Бул чындыкка туура келбейт. Учурда андагы кызматкерлердин бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Маал-маалы менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалыматта чындап эле бир дарыгер коронавирус аныкталган бейтап менен байланышта болгону, учурда коопсуздук үчүн 15 медик үй карантинине жөнөтүлгөнү айтылды.

"Бардык медиктердин тесттери таза чыкты. Бирок жакында ПЦР-анализ тапшырышат", — деди Исмаилова.

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 кайсы аймакта канча кишиге жукту. 18-апрелге карата маалымат
Белгилей кетсек, бул өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы төгүндөлгөн алгачкы учур эмес.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0