Бүгүн өлкө боюнча COVID-19 Ат-Башыдан көп чыкты. Себеби

© Пресс-служба мэрии Москвы / Медиабанкка өтүүКоронавирусту аныктоого тест жассоо
Коронавирусту аныктоого тест жассоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту жугузуп алган 11 киши дааваттан келген эки адамдын жакын туугандары болуп жатканы айтылды. COVID-19 негизинен үч үй-бүлөдө аныкталган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ат-Башыда COVID-19 жуктургандар илдетке кабылганын билбей жүрө берип, көп адамдар менен байланышта болгондугунан улам инфекция тездик менен жайылып кетти. Бул тууралуу райондук штабдан кабарлашты.

Эске салсак, өткөн сутка боюнча берилген маалыматта республика боюнча коронавирус тастыкталган 17 учур катталса, анын 11и Нарындын Ат-Башы аймагынан болгон.

"COVID-19ду жуктурган адамдардын кыска убакытта көп катталып жаткандыгынын себеби биринчи вирусту жугузуп алган адамдар өздөрү илдетке кабылганын билбей жүрө берген", - дешти райондук штабдан.

Райштабдан COVID-13 үч үй-бүлөдөн чыкканын айтып беришти.

"Бүгүн, 18-апрелде, чыккан 11 учур коронавирусту жугузуп алгандар дааваттан келген эки адамдын жакын туугандары болуп жатат. Негизинен үч үй-бүлөдөн аныкталды. Булардын жарымы обсервацияда, жарымы үй карантининде болчу. Азыр абалды курчутпай, оорунун таралышын алдын алуу боюнча түзүлгөн мобилдик топтор ооруга кабылгандар кимдер менен байланышта болгонун тактап жатышат", - дешти алар.

Ал эми жакын байланышта болгондор үй карантининде эмес, обсервацияга жайгаштырылмакчы.

Ат-Башы району боюнча үч мектепте обсервация бөлүмдөрү уюштурулуп, 150дөн ашык орун даярдалган.

Коронавирустун кесепети

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: 12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты. Нарын облусу боюнча 56 адамдан чыкса, анын ичинен 40 учуру Ат-Башы аймагына таандык.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0