Аял болгондон кийин эркектин жытын сагынат экенсиң... Жесир келиндин каты

© AFP / CRISTINA QUICLERДиванда жаткан аял. Архив
Диванда жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жалгыздыктан тажап, жашоосун өзгөрткүсү келген жесир аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Психологго көптөн бери чыгынып кат жаза албай жүрдүм эле. Бирок акыры бел байладым.

Сегиз жыл мурда жолдошум каза болуп калды. Анда 35те болчумун, азыр 43кө чыктым. Ага чейин мага жашоонун ушунчалык кыйын экени көп сезилчү эмес. Күйөөм таксист болуп иштеп, тапкан-тергенин үйгө алып келип, мени, балдарымды эч нерседен кем кылбай эле бакты. Мурда Токмокто батирде турчубуз, кийин шаарга там салдык. Үйүбүздү бүтөлү деп калганда жолдошум кокустан аты жаман илдетке кабылды. Бир жылдай оору менен алышып жатып каза болду. Анда балдарым кичирээк эле. Эки кыз, бир уулум менен отуруп калдым. Тирүү жандын күнү өтө берет экен. Белимди бекем бууп, үч баланын жүгүн тартууга аргасыз болдум. Анан эмне кылам.

Киши шаардын көчөсүнөн бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир басып келбеген атам эми жанымды койбой жатат. Ызаланган жигиттин каты
Балдар азыр чоңойду, улуу кызым жогорку окуу жайда билим алса, калган экөө мектепте. Балдар чоңойгон сайын алардын жеп-ичкени, талаптары да көбөйөт экен. Үйүбүз да толук бүтпөй калган. Кайын журтуман деле жардам болгон жок. Төркүндөрүм колунан келгенин берип жатат, бирок ар кимдин өз жашоосу бар да. Жолдошум барда жанымды деле кейитип иштечү эмесмин. Ал төшөккө жатып калгандан баштап тытынып иштөөгө туура келди. Тиккенди билчүмүн, акчасы жакшыраак деп тигүү цехине кирдим да, ошол жактан чыкпай калдым. Сегиз жылдан бери кийим тигип иштейм. Улуу кызым быйылтан тарта окуусунун акчасын өзүм табам деп иштеп баштады. Бирок анын тапканы деле көп эмес. Эптеп жол киресине жетет.

Кээде баарын таштап басып кеткиң келет. Ушунчалык чарчадым. Бирок анте да албай экенсиң. Күйөөм барда жинимди ошол кишиден чыгарып алчу элем. Азыр балдарга катуу сүйлөсөң эле буркулдашат. Чоңоюп калган немелерге эч нерсе дей да албайт экенсиң.

Чынын айтсам, жалгыздыктан тажадым. Мага окшоп балдардын түйшүгүн тарткан жалгыз бой энелер көп болсо керек. Аял болгондон кийин эркектин деле жытын сагынат экенсиң. Күйөөмдү ойлогондо түнү менен кирпик какпай чыгам. Айтор, балдарга ыйлаганымды, кыйналганымды көрсөтпөй жашап жатам.

Кээде "турмушка чыгып же бирөөнү таап алсамбы" деген да ой келет. Бирок айланамда ылайыктуу, дурусураак эркек жок. Баары эле бүлөлүү, бала-чакалуу. Балким, мен туура эмес нерсени айтып жаткандырмын. Бирок жалгыздык деген жаман экен. Жашоомду өзгөрткүм келип жатат... Бирок кантип өзгөртөрүмдү билбейм.

Кадиян Бообекова, психолог:

Саламатсызбы? Бул жерден сиз өзүңүздүн үй-бүлөлүк, экономикалык, психологиялык көйгөйүңүздү айтыптырсыз. Катта "басып кетким келет" дептирсиз, бирок бул эч нерсе чечпей турганын өзүңүз деле билет экенсиз. Туура, бул эч нерсе чечпейт. Тескерисинче, абалды курчутат.

Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан
Кызым туура эмес жолдо жүрүптүр, кантип жардам берем? Эненин каты
Жолдошуңуз каза болсо да балдарыңыз бар турбайбы. Алар чоңоюп, улуулары өздөрү иштеп, аз да болсо акча тапканга жарап калыптыр. "Турмушка чыксам" деген бул абдан жакшы ой. Эгер ылайыктуу адам табылып калса, эмнеге болбосун. Жаш экенсиз. Турмуш куруу эркекке да, аялга да эч убакта кеч болбойт. Болгону өзүнө жаккан адам болсо. Албетте, бала үчүн колдон келген аракетти жасаш керек. Бирок жеке жашоону да экинчи кезекке коюп салган болбойт. Анткени бала чоңоёт, өзү менен өзү болуп кетет.

"Турмушка чыксам" деген ойду балдардын бирөөнө буга чейин айтып көрдүңүз беле? Же аларга айтпай эле кооптонуп жатасызбы? Балким, муну улуу кызыңызга айтып, чет-четин чыгарып көрөрсүз. Алар да өз оюн айтат. Жаап-жашыруунун кажети жок деп ойлойм.

"Жашоомду өзгөрткүм келет" деп жатасыз. Аны өзгөртүү үчүн алгач ойду өзгөртүү кажет. Ойду өзгөртүү үчүн белгилүү бир план болушу зарыл. План барбы, болсо кандай, кайсы жакка өзгөрүүнү каалап жатасыз? Ошол планга жараша ойлонуп баштасаңыз, жашооңуз сөзсүз жакшы жагына өзгөрөт.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0