Түндө коменданттык саат тартиби үч аймакта бузулган жок. КР боюнча статистика

Жазылуу
Коменданттык сааттын талабы өткөн түнү борбор калаада көбүрөөк бузулган. Андан кийинки орундарда Ош жана Жалал-Абад шаарлары турат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 17-апрель күнү кечинде жана 18-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 93 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат. Белгилей кетсек, Нарын жергесине коменданттык саат 15-апрелден тарта кирди. ӨА режими буга чейин иштеп келген аймактарда мындай тартип айдын этегине чейин узарган.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 74;
  • Жалал-Абад шаарында — 5;
  • Ош шаарында — 6;
  • Сузак районунда — 1;
  • Ат-Башы районунда — 5;
  • Кара-Суу районунда — 5.

Дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 16 киши коронавирустан сакайды
Ал эми Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында тартип бузуу болгон жок.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2798 адам кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0