Коронавирус: 12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканада 371 киши жатат. 12 жарандын абалы оор деп бааланууда, калган 359 адамдыкы орточо жана канааттандырарлык экени айтылды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ушул тапта коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан адамдардын ичинен 12синин абалы оор, алтоо реанимация бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Учурда ооруканада 371 киши жатат. 12 жарандын абалы оор, алтоосу реанимацияда. Калган 359 адамдыкы орточо жана канааттандырарлык деп бааланууда”, — деди министрдин орун басары.

Коронавирустун кесепети

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: сүрөт, фото, кабарлар
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0