Бел кубаты төмөн эркектер аз жашашы мүмкүн. Жаңы иликтөө

© Фото / Pixabay / mhougeКиши терезенин жанында турган учурда. Архив
Киши терезенин жанында турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, учурда дүйнө жүзүндө жыныстык жактан ооруган эркектер көп. Бирок көпчүлүгү анысын жашырып же моюндабай убакыт өткөрүп жиберет.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бел кубаты алсыз эркектер өлүмгө эрте дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бельгиядагы Льювен университетинин окумуштуусу Лин Антонионун иликтөөлөрүнө таянып Medical Express медициналык порталы жазды.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 12 жыл бою Европада 40 жаштан 79 жашка чейинки 2 миң эркекти изилдеп көрүшкөн.

Пары в КР - Sputnik Кыргызстан
Сексолог карантин жеке мамилеге кандай таасир берерин айтып берди
"Эрекция функциялары бузулганда эркек төшөктө алсырап, күчү кетет. Бара-бара бул нерсе жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Ал эми бул эки илдет бириккенде, организмдин жаш экенине карабай адамды өлтүрүп тынышы толук мүмкүн", — деди окумуштуу.

Анын айтымында, учурда дүйнө жүзүндө жыныстык жактан ооруган эркектер көп. Бирок көпчүлүгү анысын жашырып же моюндабай убакыт өткөрүп жиберет.

Андыктан адистер эркектерге урологиялык оорулардын алгачкы белгилери пайда болору менен дарыгерге кайрылып, кесепеттерин алдын алууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0