Мэрия Бишкектеги дарыгер, милицияларды канча автоунаа ташып жатканын айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаардын мэрия имараты. Архив
Бишкек шаардын мэрия имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичи автобустардан сырткары дарыгерлерге жети автоунаа, ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлерин ташууга алты автоунаа бөлүнгөн.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүйдүн айылдарынан Бишкекке келип иштеген дарыгерлерди жалпы 17 кичи автобус тейлеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бул кичи автобустардан сырткары дарыгерлерге жети автоунаа, ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлерин ташууга алты автоунаа бөлүнгөн.

"Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкектин медицина мекемелеринен Кант шаары, Кой-Таш, Маловодное, Сокулук, Воронцовка, Байтик, Ленин айылдарына жана жаңы конуштарга чейин сегиз маршрут иштеп чыккан. Кичи автобустар дарыгерлерди жумуштан үйгө, үйдөн ооруканага чейин акысыз ташууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Бишкек шаарындагы райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине коменданттык саатка 16 кичи автобус бөлүнгөн. Ал эми кызматкерлерди жумушка 20 автобус ташууда.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 489га жетип, анын 114ү айыгып чыкты. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Жогорку Кеңештин жыйынындыгы депутаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көздөр, көздөр... Бет капчан депутаттарды тааныйсызбы? Тест
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0