Жакшы тарбия бергим келген. Баласын сабаган ата окуянын чоо-жайын айтты. Видео

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКиши толкунданып турган учурда. Архив
Киши толкунданып турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чуулуу видеонун каарманы башка аталар сыяктуу эле уулун жакшы көрөрүн, болгону ага жакшы тарбия бергиси келгенин айтат. Буга баласы спорт мектебинде окуганын байланыштырат. Учурда өзү жаман абалда турганын белгилеп, тескерисинче, баласы аны сооротуп жатканын билдирди.

Буга чейин социалдык тармакка тестиер баланы чоң эле киши аёосуз сабап жаткан видео тараган. Кадрдан киши баладан жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоону талап кылып уруп, тепкилеп, жада калса катуу темир менен да чаап жатканын көрүүгө болот. Бул социалдык тармактарда катуу талкууга алынууда. Ал эми милиция анын ким экенин аныктаганын кабарлады.

Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы баласын сабаган киши менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурады.

— Интернет айдыңында сизди жемелегендер көп болууда. Ошол окуя тууралуу түшүндүрүп бериңизчи?

— Ал өзүмдүн балам, күндө эле эркелетип, ойнотуп, айтканын алып берип жүрөм. Биз учурда Москвада турабыз. Уулум ушул жакта спорт мектебинде 1-класста окуйт. Мен катуу деле урган эмесмин. Бирок көнүгүү жаса деп шапалак менен жамбашка, булчуңга койгулаганым чын. Мен өзүмдүн жанымда жүрсүн, тарбиямды көрсүн деген эле ой болгон. Эч кандай жаман оюм жок. Түшүнбөстүктөрдөн улам видеосу тарап кетиптир. Аны көргөндөр бир тараптуу карап, түшүнбөй эле ар кандай комментарий жазып жатышат.

— Балаңыз күнүгө ушундай көнүгүүлөрдү жасачу беле?

— Ооба, күндө эле отуруп-туруп, шпагатка отуруп, жерден түртүлүү көнүгүүлөрүн жасачу. Дайыма эртең менен жана кечинде машыгып турабыз. Жерден түртүлүү көнүгүүсүн 50-60 жолу жасап жүргөн. Азыр карантинде үйдө болуп калганбыз. Мугалимдери дагы "үйдөн машыктырып тургула" деп айткан.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖКда кызын зордуктап, аялын сабап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушталды
— Ал күнү жаңжал эмнеден чыкты, балаңыз эмне үчүн жасагысы келген жок?

— Маанайы жокпу же эркеледиби эмне болгонун билбейм, айтсам, "жасагым келбей жатат" деп туруп алган. Мен өтө катуу сабаган эмесмин, акырын эле булчуңга, жамбашка шапалак менен ургам. Кантип өз баламды катуу урайын, андай оюм болсо бир чапканда эле бир жери сынып же бир нерсе болмок да.

— Таяк менен уруп, моюндан муунтуп жатканыңыз элдин үрөйүн учурду...

— Жок, мен аны көкүрөгүнөн кармап тартып бул жерге келип жаса деп жаткам. Аны муунткан эмесмин. Өзүмдүн жаш баламды кантип ошентип калайын. Ал эми таякты алып акырын эле бут жагына эки жолу уруп койгом.

— Видеодо балаңызга болушуп жаткан жубайыңызбы?

— Ооба, үч балам бар, улуусу кыз, андан кийинкиси ушул, дагы бир кичүү уулум бар. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болобуз. 2012-жылдан бери Москвага келип-кетип иштеп жүрөбүз.

— Үйүңүздөрдө болгон окуя социалдык тармактарга тарап, талкууга алынып жатканын көрүп кандай абалда калдыңыз?

— Учурда туугандарыбыз ар жактан чалып жатышат. Интернетте ар кандай комментарийлерди жазышууда. Чынын айтсам азыр жаман абалда турам. Мынчалык тарап кетерин билген эмесмин.

— Видеону соцтармакка чыгарган адамды издеп же ушул боюнча дагы жаңжал чыккан жокпу?

— Бул кандайча тарап кеткенин мен деле анык билбей жатам. Бир-эки тааныштарымдан "өчүртсө болобу" деп сурадым. Жайылып кеткенине өкүнүп турам. Жашообуз мурдагыдай эле уланып жатат. Келинчегим, балдарым менен баарыбыз чогуу үйдө жакшы эле отурабыз. Күндөгүдөй эле машыгып жатабыз.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
— Ушул окуядан кийин балаңызга туура эмес мамиле кылганыңызды түшүндүңүзбү?

— Мен буга чейин деле мындай уруп-силкип эмес, бирок спорттук көнүгүүлөрдү жасатып же турникке тартынтып, эшикте ойнотуп, аянтчаларга алып барып жүргөм. Мен аябай деле урган эмесмин да. Өзүм дагы спорт менен машыгып турам. Мелдештерге катышпасам дагы ден соолук үчүн машыгам.

— Балаңыз ушундай ур-соккудан кийин психологиялык жактан жабыркап, сизди жек көрүп калат деп ойлобойсузбу?

— Жок, андай эч оюм жок. Себеби экөөбүздүн ортобузда жамандык жок да. Ал мени, мен баламды жакшы көрөм. Кечээ видео чыккандан кийин да балам келип "ата, ар ким ар кандай айта берет, мен сизди жакшы көрөм го" деп жатат кайра. "Мен азыр жерден түртүлүү көнүгүүсүн көбүрөөк жасайын кайра тартып жөнөтүңүзчү" деди. Эми баланын ою менен бөлүшүп, бала менен бала болот экенсиң да.

— Сизге милициядан чалып же үйүңүзгө келишкен жокпу?

— Жок. Баары жакшы.

— Бул окуяны талкуулап жаткан адамдарга эмне айтат элеңиз?

— Айтарым, ар кимдин үй-бүлөсүнө киришип, билип-билбей туура эмес пикирлерди жаза бергенден алыс болсок. Ким эле өз баласын жаман көрсүн, ким эле жамандык кааласын? Бардык эле аталар баласын эрктүү, күчтүү болушун каалайт да. Мен дагы балама жакшы тарбия бергим келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0