УКМК Атамбаевдин ден соолугу боюнча маалымат таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары бир эмес, бир канча ирет саясатчынын кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып арызданышкан.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Сотто отурган Атамбаевдин абалы начарлап, процесс кийинкиге жылды
Буга чейин саясатчынын адвокаты Замир Жоошев ЖМКлардын биринин аккаунту аркылуу түз эфирде сүйлөп жатып Атамбаевдин абалы өткөн жылдын сентябрь айынан бери начар экенин билдирген. Юрист саясатчыга абактан чыгып дарыланууга уруксат берип деле коюшса болмоктугун белгилеген.

Ал эми УКМКнын маалыматына караганда, мурдагы мамлекет башчы күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өзү дагы ден соолугу боюнча арыздана элек.

Кой-Таш окуясы

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0