Өкмөт атамекендик ишкерлерге бет кап экспорттоого уруксат берди

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүКоопсуз бет кап тигүү заводу иш учурунда. Архив
Коопсуз бет кап тигүү заводу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 3-февралынан тарта дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салынган болчу.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө бет кап жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар өлкөгө буудай ташыгандарды кошумча нарк салыгынан бошотту
Аталган маселе боюнча 14-апрелдеги видеоконференция режиминде өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары макулдашышкан.

Буга байланыштуу жана ишмердүүлүгүн кайра жанданткан, бет кап өндүрүүнү жөнгө салган атамекендик ишкерлерди колдоо максатында өкмөт ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого коюлган чектөөнү алып салуу чечимин кабыл алганы айтылат.

“Түзөтүүлөргө ылайык, атамекендик ишкерлер 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ БН коду аркылуу классификацияланган бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттой алат. Бул үчүн Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинен товар медициналык максатта колдонулбагандыгы жана медициналык буюм катары саналбай тургандыгы боюнча расмий күбөлүк алышы шарт. Ошондой эле товардын Кыргызстанда өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификаты болушу зарыл”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтому менен үстүбүздөгү жылдын 3-февралынан тарта дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салынган болчу. Муну менен аталган токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0