Каракол: Индиядан келген кишинин уулу менен балдыздарынан вирус табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасоо. Архив
Коронавируска тест жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кирпич заводу аймагындагы №55 үйдө жашаган тургун обсервацияга алынган. Бирок ал ким менен байланышта болгонун айтпай жаткандыктан, аталган үйдү толугу менен жаап туруу чечими кабыл алынган эле.

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын тургуну үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Индияга барып келген 30 жаштагы киши илдетке кабылып, сакайып кеткен. Бирок кийин анын кызы менен балдызынан коронавирус аныкталган.

“Эми болсо COVID-19 анын үч жаштагы уулу менен дагы бир балдызынан табылды. Үй-бүлө мүчөлөрү 30-марттан бери обсервацияда. Ал эми киши илдетти жеңгенден кийин ооруканадан чыгарылган”, — дешти облустук штабдан.

Эске салсак, буга чейин Караколдун кирпич заводу аймагындагы №55 үйдө жашаган 30 жаштагы тургун обсервацияга алынган. Бирок ал акыркы күндөрү ким менен байланышта болгонун айтпай жаткандыктан, аталган үйдү толугу менен жаап туруу чечими кабыл алынган эле.

Миграция в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: бүгүн ооруканадан алты жаштагы бөбөк сакайып чыкты
Ушуну менен Ысык-Көлдүн аймагында вируска кабылгандардын жалпы саны сегизге жетип, алардын төртөө сакайды. Ал эми республика боюнча 489 адам вирус жуктурду. Алар кайсы аймактын тургундары экенин материалдан окуңуздар.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0