“Жардам” штабы 170 миң үй-бүлөгө азык таратты, дагы ушунча муктаж бүлө бар

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн дээрлик жарымына жардам көрсөтүлдү. Азык-түлүк таратуу иши дагы деле уланып жатат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 359 703 аз камсыз үй-бүлө бар экенин Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, учурда өлкө боюнча 170 миң 16 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

"Жардам" штабы аркылуу Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Калган үй-бүлөлөргө дагы жардам берилет", — деди Жаманкулов.

Аймактардагы жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны:

  • Бишкек — 49 047;
  • Ош — 27 778;
  • Чүй облусу — 52021;
  • Ош облусу — 54 194;
  • Баткен облусу — 26 641;
  • Жалал-Абад облусу — 66 020;
  • Нарын облусу — 23 966;
  • Талас облусу — 15 068;
  • Ысык-Көл облусу — 44 968.

Карантинде жардам сурап кайда кайрыларыңызды билбей жатсаңыз, Sputnik Кыргызстан даярдаган материалга баш багыңыз. Мында өлкө боюнча керектүү номерлер тизмектелген.

Продуктовые пакеты для семей 15 врачей в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү өндүрүүчүлөр "Жардам" штабына 26 тонна азык-түлүк берди
Өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан таанышсаңыз болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Редакция карантин убагында азык-түлүк, психологиялык жардам алуу үчүн координаттарды тизмектеген.

Мындан тышкары комендатура жана облустук штабдар менен байланыш номерлерин бергенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0