Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда баш кошкондордун саны айтылды

© Sputnik / Кирилл КаллиниковШакектер. Архив
Шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал киргизилгенден бери өлкө боюнча никени каттатууга арыздарды кабыл алуу токтотулган. Бирок март айына чейин үйлөнүү ниетин билдиргендердин никеси катталды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы Жарандык никени каттоо бөлүмдөрү (ЗАГС) өзгөчө абал киргизилгенден бери 328 түгөйдүн никесин каттады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коронавирус коркунучунан улам никесин каттаткандан баш тарткан түгөйлөр дагы болду.

"Өзгөчө абал киргизилгенден бери өлкө боюнча никени каттатууга арыз кабыл алуу токтотулган. Биз сөз кылып жаткандар март айына чейин арыз берүүгө жетишкендер. Өзгөчө абал учурунда өлкө боюнча 328 үй-бүлө курулса, алардын жетөө Бишкек шаарында болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, өзгөчө абал режими токтотулары менен ЗАГС кызматтары адаттагыдай иштей баштайт.

Үйлөнү той учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда түгөйлөр үйлөнгөн жерге барып нике каттоо токтотулду
Эске салсак, 15-апрелге карата инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, беш адам көз жумду. Жакшы жагы — оорудан сакайып кеткендер да бар. Алардын саны — 78.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал тартиби иштеп жатат.

Өлкөдө эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0