Баткен: дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөргө телевизор берилүүдө

© Фото / Пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиКадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди
Кадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган шаардын мэриясы менен жергиликтүү кеңештин депутаттары дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөрдү тактап, аларга жардам кылышкан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / Пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиКадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди
Баткен: дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөргө телевизор берилүүдө - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр телевизор менен камсыздалганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, Кадамжай шаардык мэриясы менен жергиликтүү кеңештин депутаттары дистанттык окууга шарты жокторду тактап, калаадагы беш үй-бүлөгө сыналгы алып беришкен.

Ошондой эле маалыматта облустун бардык мектептеринде муктаж болгондорго телевизор берилип жатканы айтылды.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан окуучулардын аралыктан билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо, жетиштүү шарт түзүү боюнча аракеттери көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Дистанттык сабак өтүп жаткан мугалим - Sputnik Кыргызстан
Дистанттык билим берүү: окуучулар бир жумада канча күн окушу керек
Эске салсак, Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.

Эгер дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, кеңеш суроо үчүн ыкчам байланыш номерлери бар. Алар: 0550-512-075, 0550-801-026, 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355 жана 8569 кыска номери.

Ал эми дистанттык окуу маалында сабактар канча мүнөткө созуларын, баа берүү, үй тапшырма аткаруунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0