Жергиликтүү өндүрүүчүлөр "Жардам" штабына 26 тонна азык-түлүк берди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПродуктовые пакеты для семей 15 врачей в Оше
Продуктовые пакеты для семей 15 врачей в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилген азык-түлүктөрдүн ичинде ун, күрүч, гречка, макарон, шекер, суу май, картошка жана башка тамак-аш азыктары бар. Анын баары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы муктаж адамдарга таратуу үчүн бөлүштүрүлгөн.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Жардам" штабына жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн 26 тоннадан ашык азык-түлүк келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, берилген азык-түлүктөрдүн ичинде ун, күрүч, гречка, макарон, шекер, суу май, картошка жана башка тамак-аш азыктары бар. Мунун баары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы муктаж адамдарга таратуу үчүн бөлүштүрүлгөн.

"1227" ыкчам байланышына жана 1227.tunduk.kg порталына республиканын муктаж жарандарынан билдирүүлөр келип түшүүдө. Бүгүнкү күндө 144 433 үй-бүлө жардам алды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда аз камсыз болгон, тамак-ашы жок калган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн "Жардам" штабы түзүлгөн.

Жардамга муктаж жарандар 1227 кыска номерине чалса болот. Мындан сырткары, "Биз барбыз" Telegram-каналы, "Жардам берем" мобилдик тиркемеси жана Facebook тармагындагы "Жардам штабы" группасына билдирүү калтыра алышат.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 244ү аял, 205и эркек. Беш киши каза болду. Вирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында.

Симферопольский комбинат хлебопродуктов - Sputnik Кыргызстан
Кыйналып жатсаңыз кайрылыңыз! Аз камсыз үй-бүлөлөргө "Жардам" штабы түзүлдү
Коронавирус жуктургандардын ичинен 98и медицина кызматкери.

Өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна киргизилген өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0