Улуу Жеңиш майрамындагы иш-чаралардын программасы өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш маршында. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш маршында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстандын экономикасына дагы кесепетин тийгизүүдө. Көптөгөн реформалар кечеңдеп, коомдук-саясий турмуштагы айрым жаңы башталган иштер ордунан жылбай калды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстандын экономикасына дагы кесепетин тийгизүүдө. Көптөгөн реформалар кечеңдеп, коомдук-саясий турмуштагы айрым жаңы башталган иштер ордунан жылбай калды.

"Мисалы, жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырдык, Апрель революциясынын 10 жылдыгын тийиштүү деңгээлде белгилей алган жокпуз. Алдыда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдаганы турабыз. Бирок андагы иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет”, — деди ал.

Бишкектеги блокпостто медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кыскартылат
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, анын 78и айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтү апрелдин аягына чейин узарып, ага Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулду. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0