Айыл чарба техникаларынын тетиктерин саткан түйүндөр уюштурулду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРабота ЗАО "Степное" в Искитимском районе
Работа ЗАО Степное в Искитимском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги "Кудайберген" базарында айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн сатуучу контейнерлерге өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берилгени да айтылды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкө аймактарында жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында айыл чарба техникаларынын тетиктерин сатуучу түйүндөр уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда республиканын аймактарында запастык бөлүктөрдү саткан 80ден ашык дүкөн иштеп жатат.

"Бишкек шаарындагы дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен биргеликте Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандарга айыл чарба техникаларынын тетиктерин жеткирүү иштери уюштурулду. Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы фермерлер техниканын запастык бөлүктөрүн Ош жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алууда", — деп айтылат маалыматта.

Мал чарбасындагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фермер, дыйкандар жеңилдетилген насыяны кайдан кантип алса болот? 6 суроого жооп
Бишкектеги "Кудайберген" базарында айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн сатуучу контейнерлерге өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берилгени да айтылды. Азыркы тапта айыл чарба техникаларын жана алардын тетиктерин сатуучу компаниялар дыйкандардын буюртмасына ылайык, техникаларды, запастык бөлүктөрдү сатуу, жер-жерлерге жеткирип берүү боюнча ишин улантууда.

Ошондой эле айыл чарба техникалары облустардын ичинде тоскоолдуксуз өтүү үчүн шарттар түзүлдү.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0