Жээнбеков: баарыбыз бир кайыктабыз, муктаждар колдоосуз калбайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алгачкы жардамдарды алганын белгиледи.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып айтты.

Президенттин айтымында, мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун бардык механизмдери колдонулат.

“Урматтуу мекендештерим, Чыңгыз Айтматов айткандай, “бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз”. Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Калктын аяр катмарын күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде “коопсуздук жаздыгы” болгон эмес. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алгачкы жардамдарды алдык”, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы пенсия, жөлөк пул, айлык акылар өз убагында берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0