Жээнбеков менен жолуккан спикер жана премьер өзгөчө абалды узартууну колдошту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана фракция жетекчилери менен жолугушту
Президент Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана фракция жетекчилери менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы жана премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун белгилешкен.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана фракция жетекчилери менен жолугушту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов өзгөчө абал режими дагы канчага созулушу мүмкүндүгүн айтты
Маалыматка ылайык, алар учурдагы кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары өлкөнүн аймагына жайылышына жол бербөө чараларын, медиктерди жана инфекцияга каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеп жаткандардын бардыгынын аракетин колдоону күчөтүү жөнүндө пикир алмашышкан.

Акыркы күндөрдөгү жарандардын ооруга чалдыгуусу калктын ортосундагы түздөн-түз социалдык карым-катнаштарга коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына али эртелик кылары белгиленген.

"ЖК төрагасы жана премьер-министр өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин узартуу максатка ылайык болорун баса белгилеген. Парламенттик фракциялардын лидерлери өзгөчө абал узартылса ишкерликти, калктын социалдык аяр катмарын колдоо, экономикалык стимулдаштыруу жагдайлары боюнча өкмөткө бир катар сунуштарын беришти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону күчөтүүгө, Республикалык ыкчам штабдын жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүүдө жана зарыл медициналык каражаттар менен камсыздоодо бюрократияны азайтуу керектигине көңүл бурушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы кырдаалда жарандардын коопсуздугу жана ден соолугун коргоо биринчи кезектеги маселе экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0