Өлкөнүн бир катар ашууларында кар жаап, жолдор тазаланууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек-Ош унаа жолунда Тоо-Ашуу көрүнүшү. Архив
Бишкек-Ош унаа жолунда Тоо-Ашуу көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүшү күтүлөрүн айтып, унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өлкөнүн ашууларында кар жаап, жумушчулар жолдорду тазалап жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам республиканын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүшү күтүлөрү айтылды.

Природа Жыргалана. Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болот! Бир жумага карата аба ырайы
Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө майда кар жаап жатат. Ал эми Нарын — Баетов, Нарын — Өрүк-Там, Торкен — Толук жолдору кардан тазаланып атат.

12-апрелден 16-апрелге чейинки жаан-чачындан улам тоолуу райондордо жана Бишкек — Ош унаа жолунун 121-137- чакырымдарында (Төө-Ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол — Эңилчек жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусунда) кар көчкү түшүп, жолдор тоңуп тайгак болот. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектиги эскертилди.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-апрелде кечинде Талас облусунун көп аймактарында жана Чүй облусунун кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу жерлеринде кар түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0