Шишкебек жебей үйдө отуруп туруңуз! Ош коменданты даттанууларга жооп берди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдын кире беришинде 10-15 адам чогулуп, аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы кошулуп чай уюштуруп, ичимдик ичип жатышканы боюнча арыздануу болгон.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдиновго маалымат жыйын учурунда көчөдө чогулуп жаткандар боюнча даттануу келип түштү.

Анда жергиликтүү тургундардын бири кээ бир айылдарда постто турган балдар 10-15тен чогулуп тамак уюштуруп, ичимдик ичип отурганын айтты. Айрым жерлерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы алар менен кошо отурганын белгилеп, көзөмөлгө алууну суранган.

Патрулдук милициянын кызматкерлери Оштогу коменданттык саат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачакей-жумакей ойнобогула! Ош коменданты кандай адамдар эреже бузарын айтты
"Беш кол тең эмес» дегендей, кээде компетенттүү эмес кызматкерлер болуп калышы мүмкүн. Ал эми чогулгандар боюнча чара көрөбүз. Кечинде чыгып шишкебек жасап отурушат деп жатпайбы. Кырдаал бир нукка түшкөнчө шишкебек жебей, бала-бакыраңызды ойлоп үйдө отуруп турсаңыз демекчимин. Бул боюнча бизге кабарлап турган жарандарга ыраазычылык билдирем, даректерин бергиле, биз толук кандуу текшерип чыгалы", — деди комендант.

Ошондой эле Нурдинов бүгүнкү күндө прокуратуранын, УКМКнын, Финполдун, ИИМдин ички коопсуздук кызматынын жана комендатуранын өкүлдөрүнөн турган коменданттык патруль иштеп жатканын эске салды. 

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Ситуация у больницы в Коммунарке  - Sputnik Кыргызстан
Ошто Испаниядан келген ЖОЖ кызматкеринин апасы каза болду. Тергөө жүрүп жатат
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0