04:20 28 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)
1154 0 0

Коменданттын билдиргенине караганда, өткөн суткада көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна жана кыштактарга чейин кирип текшеришкендиктен көп адам кармалган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда кандай адамдар коменданттык сааттын эрежесин бузуп жатканын айтып берди.

Анын билдиришинче, соңку үч күндө Кара-Суу районунда мас абалында автоунаа башкарып бара жатып кармалгандар көп болду. Комендант алардын бир айылдан экинчи айылга баратканын айтат.

Ош шаарында дагы ушундай көрүнүш. Бир кичи райондон кийинкисине жетип алууга үлгүрбөй калганын билдиришкен. Бирок айрымдары саат 22.00дөн кийин да мас абалында кармалып жатканын билдирди.

"Буга чейин эреже бузгандар 10го жетпей жаткан. Бүгүн эмне себептен көбөйүп 17ге чыгып кеткенин түшүндүрүп берейин. Айылдардын, квартал башчылардын өзүнө ишенип көзөмөл кылгыла дегенбиз. Эми ошол көп кабаттуу үйлөрдүн арасынан, кыштактардын ичинен кармап чыгып жатабыз. Болбосо айрымдары төрт-бештен чогулуп алып "жомок" айтышып отурат экен. ИИМдин машинасы барса ичкери кирип алат, кеткенден кийин кайра чыгып алышат. Биз менен ачакей-жумакей ойноштун кереги жок. Оору менен чогуу күрөшөлү деген сөз кээ бирлерине жетпей жатат", — деди Нурдинов.

Ошондой эле комендант Ноокат районунда 10 күндөн бери эреже бузуу катталбай жатканын белгилеп, мунун себеби аталган аймакта оору жуктургандар көп болгондуктан тургундар кырдаалды түшүнүп жатышканында экенин айтты.

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)

Тема боюнча

Коменданттык саат режимин бузгандардын саны айтылды
Карантиндеги адамдарды көзөмөлдөгөн видеонун тарашы. Штаб жооп берди
Бир суткада коронавирустан 13 адам айыгып, жалпы саны 67ге жетти
Белгилер:
Малик Нурдинов, кармоо, эреже, коменданттык саат, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ