Карантиндеги адамдарды көзөмөлдөгөн видеонун тарашы. Штаб жооп берди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши компьютердин мониторун карап жатат. Архив
Киши компьютердин мониторун карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө үй карантининде отурууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке киргизилген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Үй карантинине алынган адамдардын онлайн көзмөлдөөчү мониторинг системасындагы маалыматтары сыртка чыгып кетиши боюнча териштирүү башталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда карантиндеги адамдардын жеке маалыматтарын көрсөткөн видео тараган. Анда бир киши карантиндеги эки адамдын аты-жөнүн, телефон номерин жана кайда барганын көрсөтүп берген.

"Жеке маалыматтар чагылдырылган видеонун интернетке чыгып кетиши тууралуу текшерүү жана КР мыйзамдарына ылайык конфиденциалдуу маалыматтарды жайылтууга укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө үй карантининде отурууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирген. Бул үчүн карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын макулдугу менен гана телефонуна атайын тиркеме орнотулат.

Коронавирустун кесепети

Ооруканадагы обсервация үчүн палатасы. Архив   - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги обсервация жайларынын жайгашкан жери айтылды
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын арасынан 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0