COVID-19 вирусунан сакайган кишинин организминде кандай өзгөрүү болот

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгер оорукананын жанында тыныгуу учурунда. Архив
Дарыгер оорукананын жанында тыныгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. COVID-19 өзү инфекция болгондуктан өнөкөт ооруга айланбайт жана курч мүнөздө өтүп кетет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ага журналисттер "коронавирус жуктуруп алган адам сакайып кеткенден кийин организминде кандай өзгөрүүлөр болот?" деген суроо беришкен.

“Биз вирус организмде жок болгонун лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөндөн кийин гана жаранды ооруканадан чыгарабыз. Үйүнө кеткен мекендештерибизден кабар алып турабыз. Алар эч бир өзгөрүүлөр болбогонун айтышууда”, — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, көпчүлүгүндө вирустуу оорунун эч кандай белгиси байкалбай эле өтүп жатат.

“Мисалы, азыр ооругандардын 336сында вирус аныкталганы менен алардын кыйналганын же оорунун өзгөчө белгисин көрө алган жокпуз”, — деди ал.

Мурманская областная больница - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада коронавирустан 13 адам айыгып, жалпы саны 67ге жетти
Мындан тышкары, орун басар илдеттин кесепети тууралуу балким кийинчерээк билинерин, бул жаңы вирус болгондуктан азыр кандайдыр бир бүтүм чыгаруу эрте экенин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. 79 медик коронавирус жуктуруп алып, үчөөнүн абалы оор экендиги айтылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0