Бир суткада коронавирустан 13 адам айыгып, жалпы саны 67ге жетти

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүМурманская областная больница
Мурманская областная больница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 13 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпы 67 адам коронавирустан сакайды.

"Бул бейтаптардын анализи таза болуп, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан аман-эсен үйлөрүнө чыгарылды", — деди Үсөнбаев.

Вступление в должность нового премьер-министра Великобритании Б. Джонсона  - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккан британ премьери Борис Жонсон ооруканадан чыкты
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. 79 медик коронавирус жуктуруп алып, үчөөнүн абалы оор экендиги айтылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0