Уялбагыла, коркпогула. Оштун коменданты облустагы элге кайрылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшКомендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов
Комендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурдинов Ош аймагы боюнча COVID-19га чалдыккан адамдар менен байланыш түзгөндөрдү күн сайын издеп, сураштырып жаткандыктарын айтты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов коронавирус боюнча өзүнөн шектенип же ооругандар менен байланышта болгондорду медиктерге келип, тесттен өтүүгө чакырды.

"Эгерде эл арасында коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдар менен байланыш түзгөн, же байланыш түзүп алып айткандан уялып, текшерилбей жүргөн, же жөн гана өзүнөн шек санап жаткан жарандар болсо, коркпостон медицина кызматкерлерине барып атайын тесттерден өтүүңөрдү суранып кетет элем", - деди Нурдинов.

Ал COVID-19га чалдыккандар менен байланышып калгандар кооптуулуктан улам изделип жаткандыгын айтты.

"Инфекцияга чалдыккан адамдар менен байланыш түзгөндөрдү күн сайын издеп, сураштырып жатабыз. Ошондуктан биринчи кезекте балдарыңардын, үй-бүлөңөрдүн, анан элдин ден соолугуна кайдыгер болбоңуздар", - деп кошумчалады комендант.

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377ге жетти. Анын арасынан 54 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошондой эле 63 медикке дагы COVID-19 жуккан.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял вице-премьер-министра Эркина Асрандиева - Sputnik Кыргызстан
Жумушсуз калгандарга көңүл бургула. Жээнбеков Асрандиевге эскертти
Анын ичинен Ош шаарында - 54, Ош облусунда 119 адамдан аныкталган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0