Сак болуңуздар! ӨКМ Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун эскертти

© Sputnik / Корниенко Евгения / Медиабанкка өтүүПоследствия урагана в Москве
Последствия урагана в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратып, катуу шамал болорун айтты.

Анда жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору жана ылдамдыгы болжол менен секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн экени кабарланды.

Буга байланыштуу ӨКМ жашоочулардын сак болушун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0