Гумжардам алчуларды ким кантип аныктайт? 9 суроого жооп

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУн заводдун ишкерлери ун каптартды ташып жатышат. Архив
Ун заводдун ишкерлери ун каптартды ташып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдарды берүү, аны бөлүштүрүү жана жардамга кол сунуу боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Республикалык штаб жарандар тарабынан гуманитардык жардам боюнча көп узатылган суроолорго жооп берди.

1. Гуманитардык жардамды алуу үчүн кайсы жакка кайрылуу керек?

Жардамга муктаж жарандар азык-түлүк түрүндөгү жардамды төмөнкүдөй жолдор менен ала алышат:

  • Сall-борбордун 1227 түз байланыш номерине 09:00дөн 18:00гө чейин чалуу керек (чалуу акысыз);
  • 1227.tunduk.kg порталы аркылуу;
  • "Биз барбыз!" элдик штабынын Telegram-каналы аркылуу;
  • "Жардам берем" мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • Facebook тармагындагы "Жардам штабы" баракчасы аркылуу;
  • 0558 52 60 01 WhatsApp номери аркылуу.

Төмөндөгүлөрдү толтуруу керек:

  • аты-жөнү;
  • идентификациялык номери (ИНН);
  • уюлдук телефондун номери;
  • облус, район жана шаарды сөзсүз түрдө белгилөө менен учурда жашаган жерин көрсөтүү;
  • үй-бүлөсү тууралуу кыскача маалымат (алардын саны).

2. Турмуштук оор шартта калган жарандар же үй-бүлө гуманитардык жардам алышы үчүн белгиленген критерийлер барбы?

Төмөнкү категориядагы жарандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүлөт:

Жакыр жашаган жарандар, анын ичинде:

  • "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балалуу жарандар;
  • ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул алуучулар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган адамдар, багар-көрөрү жок балдар, пенсиялык камсыздоо укугу жоктор);
  • алган пенсиясынын өлчөмү негизги азык-түлүктөрдүн баасынан төмөн пенсионерлер;

Жумушсуз жарандар:

  • өзгөчө абал/кырдаал киргизилген учурда жумушсуз калган адамдар (убактылуу бош эмгек ресурстары);

3. Гуманитардык жардам ала турган үй-бүлөлөрдүн тизмесин кимдер бекитет?

Азык-түлүк түрүндө жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан такталат.

4. Гуманитардык жардам пакеттеринде кайсы азыктар бар?

Күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктар: ун, кумшекер, чай, картошка, өсүмдүк майы, күрүч, гречка, макарон.

5. Ыктыярдуу жардам түрүндөгү каражаттарды сарамжалдуу сарптоого кантип көз салууга болот?

Каражаттарды сарптоо, көрсөтүлгөн жардамдын саны күн сайын www.help.covid.kg сайтына жарыяланып турат.

Мындан тышкары, азык-түлүк сатып алуу үчүн депозиттик эсепке жана "Элсомго" юридикалык жана жеке жактардан түшкөн акча каражаттар, райондук мамлекеттик администрациялардын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын өтүнмөсүнө ылайык акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтынан алууга болот.

6. Эмне үчүн учурда Бишкектин жана Чүй облусунун жашоочуларына гана жардам көрсөтүү тууралуу сөз болууда? Ал эми башка аймактардын жашоочулары азык-түлүктөрдү качан ала алышат?

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде 27 мыйзамсыз жаңы конуш бар (Саркофаг, мал көмүүчү жай, көрүстөн жана шаардык таштанды жайы), ошондой эле Бишкек шаарында 47 конуш, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында 33 дача бар. Мында каттоосуз жашаган жарандар мамлекеттен социалдык төлөмдөрдү алышпайт. Ал жарандардын турмуштук шарты оор болуп саналат.

Кытайлык миллиардер Жек Ма  - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: миллиардер Жек Манын фонддору КРге 255 миң долларлык жардам берди
Буга байланыштуу комиссия тарабынан биринчи кезекте Бишкек шаарына жана Чүй облусуна азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүүнү кароо чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө башка аймактар дагы азык-түлүк жардамына муктаж, себеби жергиликтүү органдар дотацияда турушат жана азыктар менен камсыздоо мүмкүндүгү жок.

Учурда өзгөчө абалга байланыштуу өндүрүштүк ишканалар, базарлар иштебей, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын жашоочулары азык-түлүк түрүндө жардамга муктаж болууда. Тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча алардын өтүнмөлөрү комиссия тарабынан каралат.

Бүгүнкү күнү республиканын бардык аймактарынан өтүнмөлөр түшүүдө жана маалыматтардын бирдиктүү базасына киргизилүүдө. "Түндүк" системасы өтүнмө ээлерин облустар боюнча автоматтык түрдө бөлүштүрөт. Өз кезегинде түзүлгөн тизмелер ыкчам түрдө өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде азык-түлүк жардамын өз убагында көрсөтүү максатында жөнөтүлөт.

7. Жардам көрсөтүүнү каалаган ишкерлер же жарандар кайда кайрыла алышат?

  • Жардам берүү штабы бардык көңүл кош эмес жарандарды жалпы ишке колдон келген салымын кошууга чакырат. Көмөк тамак-аш жана акча каражаттары иретинде кабыл алынат.
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсеби: 4402011103034541, ИНН 01003199710041.
  • Финансылык каражаттарды "Элсомго" которуу: 0990 603030
  • Көмөк көрсөтүү үчүн билдирме алууга жоопкер жактын байланыш номери: 0554 033 733 (Данияр Аманалиев) жана 0550 990 574 (Урмат Айталиев).

8. Жардамды дары-дармек, тизмедеги жок азык-түлүк түрүндө суроого болобу?

Жардам берүү штабында азык-түлүк түрүндө гана көмөк көрсөтөт.

9. Камсыздалган үй-бүлөлөр да көмөк алып жаткандыгы чынбы?

Жарандардын кайрылуусу (телефон, социалдык тармак, WhatsApp аркылуу келген кат түрүндөгү билдирмелер жана "Түндүк" тутуму) аркылуу анын социалдык абалын аныктоо мүмкүн эмес. Бирок азык-түлүк топтомдорун жеткирүүгө жоопкер жак жана ыктыярчылар аталган дарек боюнча келген соң ошол үй-бүлө чындыгында жардамга муктаж же муктаж эмес экендигин чечүүгө акысы бар. Анткени белгиленген дарек боюнча келген ыктыярчылар кабат үйлөрдө жашап, унаасы бар үй-бүлөлөр да жардам сурап кайрылгандыгына күбө болушкан.

Буга байланыштуу бардык билдирмелерди 1227 "Түндүк" тутуму аркылуу алардын муктаждыктарын аныктоо үчүн райондорго жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0