Вирус уулумдун мээсин жабыркатууда! 6 жашар Саидге жардам сураган ата-эне

© Фото / Pixabay / DevanathБалананын силуэти. Иллюстративдик сүрөт
Балананын силуэти. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда беш жаштагы Саид оор илдетке чалдыгып калган. Баланы тез аранын ичинде чет өлкөдө дарылатуу үчүн ата-энеси жардамга муктаж.

"Бала — бакыт, бала — жашоо булагы" дейт. Ар бир ата-эне үчүн баланын ойноп жүргөнү, күлкүсү чоң бакыт. Бүгүн мезгилдин оор сыноосуна кабылган ата-эне элдин жардамына, жөлөгүнө муктаж болуп турат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ооруга чалдыккан беш жаштагы Саиддин апасы  Жазгүл Жасоолова жардам сурап кайрылып, бирде ыйлап, бирде сооронуп маек курду.

— Балаңыздын илдети тууралуу айта кетсеңиз, кандайча байкап калдыңар?

Дарыгерлер оорукананын сыртында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкө боюнча дагы 12 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алды
— Уулум Саид Исмаилбеков 2014-жылы 24-майда төрөлгөн. Алтыга толуп жетиге кетет. Бишкекте бала бакчага барчу. Жыл башында бакчада тарбиячысы сабак өтүп жатканда балам бир-эки жолу уктап калыптыр. Анан акыркы кезде бакчада шайы жок жүргөнүн тарбиячысы айтты. Негизи үйдө кеч жатчу. Башында уйкусу канбай жатат го деп ойлодук. Анын үстүнө аябай жоош. Андан көп өтпөй тамак жеп жатып эле оозунун бир жак жагынан куюлуп кеткенин байкадым. Ошентип 13-марттан баштап бала бакчага барбай калды. Үйдө атасы менен калган. Мен жумушта жүрсөм, эшикти сүзүп алыптыр, эртеси дем алыш күнү дубалды катуу сүзүп алды. Дароо ооруканага баралы десек, ал күнү эс алуу болуп, дүйшөмбү күнү алып бардык.

16-мартта ооруканага алып барып канга жалпы анализ тапшырдык. Башында гемоглобини түшүп кеткен го деп ойлогонбуз. Анализи таза чыкты. Ошол эле күнү "Кортекстен" неврологго көрүндүк. Жыйынтыгында МРТ — магниттик-резонанстык томографиясы жана бардык анализдери жакшы чыкты. Ал эми электроэнцефалограммадан өзгөрүү бар деп стационарга жиберишти. Ошондо эле бала сол жакка ооп, жыгылып басалбай калды. Стационарга барып, дарыланууга жаттык. Ал жактан "Подострый склерозирующий панэнцефалит" деп болжолдуу диагноз коюшту.

— Дартын каяктан так аныктай алдыңыздар?

— Стационардан Кыргызстан боюнча эң күчтүү невролог-эпилептолог Анна Хандинага көрүнгүлө дешти. Биз ага 1-апрелге жазылып, бирок жылып отуруп 3-апрелде кирдик. Хандина бизди үч саат текшерип, сейрек кездешүүчү "Подострый склерозирующий панэнцефалит" деген диагнозду тастыктап, экинчи стадиясына жетип калганын айтты. Мында кызылчанын (корь — ред.) организмде калып калган вирусу кайра активдешип, мээнин иштешин жабыркатып, аны жеп баштайт экен.

— Саид кызылча болду беле?

Медициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер коронавирустун үч жаңы симптомун аныкташты
— Ооба, жети айында ооруган. Ага чейин баланын ичи өтүп жугуштуу оорулар ооруканасына жатканбыз. Биздин палатада тажикстандык келин бар эле. Көрсө анын баласы кызылча менен ооруйт экен. Башында эч ким билбептир. Кийин шашылыш башка бөлүмгө которуп кетишкен. Биз ооруканадан үйгө келгенде кызылча болуп, жанагы палатадагылар кайра ооруканага жатканбыз. Көрсө, ошондо дарттын вирусу калып калыптыр, тыкыр дарылаган эмес деп жатат. Бул илдеттин козгогучу ошол вирус болууда. Мындай дарт миллиондун ичинен эки-үч балада эле кездешет экен. Кыргызстанда биринчи жолу биздин балабызда катталып жатыптыр. Анна Хандинанын айтымында, анын практикасында да кездешпептир.

— Кайсы чет элдик ооруканага кайрылып жатасыздар?

— Эпилептолог Хандина Түркиядагы Бану Ануар аттуу дарыгер менен сүйлөшүп жатат. Россияда деле адистер бар экен, бирок Түркиянын медицинасы бизге натыйжа берерин айтышууда. Ошондой эле германиялык дарыгерлерди да караштыралы деп жатабыз.

— Анализдери толук бүттүбү?

— Бир эле анализи калды. Жүлүндөн суу тарттыргыла деп жатышат. Азыр Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы коронавируска байланыштуу жабык болууда. Башка дагы бир лабораторияда жасалат экен. Ал жак да өзгөчө абалга байланыштуу иштебей турат. Эми кантип анализ тапшырабыз, билбейм.

Учурда балам төшөктө жатат. Алы жок. Көзүнүн көрүүсү да начарлап баратат. Кээде бир киши эки-үчөө болуп көрүнөт экен. Эки-үч мүнөттө денесин калтырак басып, анан эс алат (ыйлап). Азыр бизге аябагандай эле оор болуп турат. Жакшынакай эле ойноп-күлүп жүргөн балам ооруп калды. Абалы начар. Бул ооруну Кыргызстанда дарылоого мүмкүн болбогондуктан, чет мамлекеттен дарылатууга туура келүүдө. Ал үчүн көп суммадагы акча керек экен.

Урматтуу мекендештер, кайдыгер карабаган кыргыз элим, элдин жардамына муктажбыз. Колуңуздардан келген жардамыңыздар менен баламдын ден соолугун кайрып, бакыт тартуулайт элеңиздер!

Жаңылыктар түрмөгү
0