Миңден ашуун киши КР жарандыгын алмай болду. Президенттин жарлыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин жарандыгына кабыл алына турган 1338 адамдын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экендиги маалымдалат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандыгын 1338 адам кабыл алса, дагы 900 адам КРдин жарандыгынан чыгарылат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышты - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы тоскоолдукту азайталы! Жээнбековдун саммиттеги сунуштары
Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жарлык боюнча КРдин жарандыгына 1338 адам кабыл алынат. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Анын ичинен 1031и чоң адамдар, 307си балдар.

Ошондой эле 900 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2238 адам кайрылган. Анын 1721и чоң адамдар, 517си балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0