Адистер коронавирустун үч жаңы симптомун аныкташты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуккандыгын салттуу түрдө төрт симптом менен аныктоого болот: адамдын дене табынын дароо көтөрүлүшү, чыйрыгуу, жөтөл жана демдин кысылышы.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Коронавирустун жаңы үч симптому аныкталганын "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты.

Курамында 400дөн ашык адистери бар франциялык дерматолог-венерологдордун SNDV союзу COVID-19 инфекциясын жугузгандардын бир катары денесинин кызарып, майда бүдүрлөр чыгып, катуу үшүгөнүн айтып даттанышкан. SNDV эксперттеринин айтымында, инфекция жугузгандардын көбүнө жасалган анализдин негизинде дарыгерлер ушундай жыйынтыкка келишкен.

"Адистер коронавируска чалдыккандарды тезирээк такташы үчүн коомчулукка кулак кагыш кылып жатабыз", — деп айтылат алардын докладында.

Киши колун дезинфекциялып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Комендатура санитайзер колдонуу боюнча челлендж баштады. Видео
Дерматолог-венерологдордун бул билдирүүсү менен макул болбогондор да бар. Мисалга, Франциянын саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жер Саломон илимий изилдөөлөрдөн коронавирустун жаңы тибин жуктурууда дерматологиялык симптомдор туурасында далилдерди кездештирбегендигин билдирди.

COVID-19 инфекциясын жугузгандарды салттуу түрдө төрт симптом менен аныктоого болот: адамдын дене табынын дароо көтөрүлүшү, чыйрыгуу, жөтөл жана демдин кысылышы. Ал эми алсыроо жана суук тийип чыйрыгуу сейрек кездешүүчү симптомдоруна кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0